Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти «Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 13-февралындагы № 43 Жарлыгы менен бекитилген Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын башкы жана улук административдик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү жана анын иштөө тартиби жөнүндө жобого ылайык, Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык кызматынын улук тобунун административдик кызмат орундарына кадрлар резервине кабыл алууга ачык конкурс жарыялайт:
муниципалдык кызмат орундарынын улук тобу боюнча:
– дене тарбия жана спорт, уюштуруу, укуктук жана кадрдык иштер боюнча улук топтогу бош административдик муниципалдык кызматтын муниципалдык кызмат орундарын ээлөө үчүн.
Кадрдык резервге кирүү үчүн талапкер төмөнкү талаптарга жооп бериши керек:
1) Кыргыз Республикасынын жараны болууга;
2) 18 жаштан кем эмес;
3) кадрлар резервине киргизүү үчүн мыйзамдарда белгиленген квалификациялык талаптарга жооп берүү.
Муниципалдык кызматтын кадрлар резервине кирүү үчүн квалификациялык талаптар төмөнкүлөргө ылайык келиши керек:
Административдик муниципалдык кызмат орундарынын улук тобу үчүн:
1. Кесиптик билиминин деңгээли:
– жогорку билим.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
-Мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем эмес.
3. Кесиптик компетенттүүлүгү боюнча төмөнкүлөрдү билүү:
Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдары:
– Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
– «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы;
– «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө»,
– «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө»,
–«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө»,
–«Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдары;
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы, ошондой эле тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү мыйзамдар:
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилген талаптарга ылайык мамлекеттик тилди билүүгө жана аны кызматтык милдеттерин аткарууда пайдалануу жана расмий тилди билүү;
– мыйзамдарда каралган учурларда кызматчынын ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон көлөмдө санариптик сабаттуулугунун болушу.
1. Дене тарбия жана спорт тармагында улук топтогу бош административдик муниципалдык кызматтын муниципалдык кызмат орундарын ээлөө үчүн.
1) кесиптик билиминин деңгээли:
– дене тарбия жана спорт, педагогикалык багыты боюнча жогорку билим.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
-мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем эмес;
3) кесиптик компетенттүүлүгү боюнча төмөнкүлөрдү билүү:
тиешелүү тармактагы мыйзамдар:
–«Дене тарбия жана спорт жөнүндө», «Улуттук спорттун түрлөрү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдары;
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 20-декабрындагы № 776 токтому менен бекитилген Балдар-өспүрүмдөр спорт мектеби, адистештирилген балдар-өспүрүмдөрдүн олимпиадалык резервдеги спорт мектеби, балдар-өспүрүмдөрдүн спорттук-адаптациялык мектеби, балдар-өспүрүмдөрдүн паралимпиадалык резерв мектеби, аймактык олимпиадалык резерв мектеби, республикалык спорт колледжи, спорттун түрлөрү боюнча дирекциялар жана Допингге каршы күрөшүү боюнча «Улуттук допингге каршы борбор» дирекциясы жөнүндө жобону;
– кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.
2. Уюштуруу, укуктук жана кадрдык иштер тармагында улук топтогу бош административдик муниципалдык кызматтын муниципалдык кызмат орундарын ээлөө үчүн.
1) кесиптик билиминин деңгээли:
– жогорку билим.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
-мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем эмес;
3) кесиптик компетенттүүлүгү боюнча төмөнкүлөрдү билүү:
тиешелүү тармактагы мыйзамдар:
– «Борбордун статусу жөнүндө», «Дене тарбия жана спорт жөнүндө», «Туризм жөнүндө», «Жаштар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдары;
– кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.
Конкурска катышууга ниет билдирген талапкерлер арызды электрондук форматта «е-Kyzmat» мамлекеттик порталындагы жеке кабинети аркылуу https://kyzmat.gov.kg/ru бере алышат.
Арызга төмөнкү документтер электрондук форматта (сканерден өткөрүлгөн документтер) тиркелет:
–жогорку кесиптик билими бар экендигин тастыктаган документ (негизги жана кошумча билими болсо), ага тиркемелери менен кошо;
– эмгек китепчеси, анын ичинде кошумча барактары (вкладыштары) менен;
– илимий даражасы же илимий наамы бар экендигин тастыктаган документ (эгер бар болсо);
– квалификацияны жогорулатуу жөнүндө документ (эгер бар болсо).Талапкер берилген маалыматтардын аныктыгы үчүн жоопкерчилик тартат.
Талапкер конкурс өткөрүүнүн бүткүл мезгилинде өзүнүн электрондук почтасынын дарегине, ошондой эде «e-Kyzmat» мамлекеттик порталындагы жеке кабинетине жөнөтүлгөн маалыматтарды жана билдирүүлөрдү өз убагында карап турууга милдеттүү.
Эскертүү: ачык конкурска мындан ары катышуу үчүн документтери коюлган талаптарга ылайык келген талапкерлер гана чакырылат. Талапкерлердин байланыш маалыматтары жана даректери так көрсөтүлүүгө тийиш.
Документтер: 2026-жылдын 12-октябрынан 23-октябрына чейин «е-Kyzmat» мамлекеттик порталындагы жеке кабинет аркылуу электрондук форматта кабыл алынат, маалымат алуу үчүн байланыш номери: 0703047917. Вакансияга жооп берүү үчүн авторизациядан өтүү талап кылынат. Авторизациядан өтүү боюнча нускама (видео) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык бош кызмат орундарынын порталында https://kyzmat.gov.kg/ru жайгаштырылган, маалымат алуу үчүн байланыш номери: 0312 366322.

wpChatIcon
wpChatIcon