Бишкек шаарынын мэриясы «Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 13-февралындагы № 43 Жарлыгы менен бекитилген Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын башкы жана улук административдик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү жана анын иштөө тартиби жөнүндө жобого ылайык, Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык кызматынын башкы жана улук тобунун административдик кызмат орундарына кадрлар резервине кабыл алууга ачык конкурс жарыялайт:
муниципалдык кызмат орундарынын башкы тобу боюнча:
– энергетика жана электр энергетикасы, маданият тармактарында башкы топтогу бош административдик муниципалдык кызматтын муниципалдык кызмат орундарын ээлөө үчүн.
муниципалдык кызмат орундарынын улук тобу боюнча:
– ички аудит тармагында улук топтогу бош административдик муниципалдык кызматтын муниципалдык кызмат ордун ээлөө үчүн.
Кадрдык резервге кирүү үчүн талапкер төмөнкү талаптарга жооп бериши керек:
1) Кыргыз Республикасынын жараны болууга;
2) 18 жаштан кем эмес;
3) кадрлар резервине киргизүү үчүн мыйзамдарда белгиленген квалификациялык талаптарга жооп берүү.
Муниципалдык кызматтын кадрлар резервине кирүү үчүн квалификациялык талаптар төмөнкүлөргө ылайык келиши керек:
Төмөнкүлөрдү билүү:
Административдик муниципалдык кызмат орундарынын башкы тобу үчүн:
Жалпы мыйзамдар:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2) “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
3) “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
4) Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси.
5) “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
6) “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
7) “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
8) “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
9) “Маалымат алуу укугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
10) “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
11) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;
– Кыргыз Республикасыньш Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилген талаптарга ылайык мамлекеттик тилди билүүгө жана аны кызматтык милдеттерин аткарууда пайдалануу жана расмий тилди билүү;
– мыйзамдарда каралган учурларда кызматчынын ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон көлөмдө санариптик сабаттуулугунун болушу;
1. Энергетика жана электр энергетикасы тармагындагы башкы топтогу бош административдик муниципалдык кызматтын муниципалдык кызмат ордуна:
1) кесиптик билиминин деңгээли:
– энергетика жана электроэнергетика багыттары боюнча, экономика жана башкаруу жаатында «экономика», «менеджмент», «иштиктүү башкаруу» «мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу», «ишкана экономикасы» (тармактар боюнча) багыттары; гуманитардык илимдер жаатында «юриспруденция» багыты, табигый илимдер жаатында «экология», «жаратылышты пайдалануу» багыттары боюнча жогорку билим.
2) Иш стажы жана тажрыйбасы: мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 3 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 5 жылдан кем эмес.
3) кесиптик компетенттүүлүгү боюнча төмөнкүлөрдү билүү:
тиешелүү тармактагы мыйзамдар:
– «Борбордун статусу жөнүндө», «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө», «Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө», «Ичүүчү суу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдары;
– Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 29-августундагы № 150 токтому менен бекитилген Бишкек шаарынын аймагын көрктөндүрүү эрежелери;
– Бишкек шаарынын мэриясынын Регламенти;
– адам ресурстарын башкаруу жаатындагы мыйзамдар;
– кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.
2. Маданият тармактарында башкы топтогу бош административдик муниципалдык кызматтын муниципалдык кызмат ордуна:
1) кесиптик билиминин деңгээли:
– жогорку кесиптик билим.
2) Иш стажы жана тажрыйбасы: мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 3 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 5 жылдан кем эмес.
3) кесиптик компетенттүүлүгү боюнча төмөнкүлөрдү билүү:
тиешелүү тармактагы мыйзамдар:
– Кыргыз Республикасынын Жер кодекси;
– Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси;
– «Маданият жөнүндө», «Туризм жөнүндө», «Дене тарбия жана спорт жөнүндө», «Борбордун статусу жөнүндө», «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдары;
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Регламентин;
– Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Регламенти;
– Бишкек шаарынын мэриясынын Регламенти;
– адам ресурстарын башкаруу жаатындагы мыйзамдары;
– кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.
Административдик муниципалдык кызмат орундарынын улук тобу үчүн:
1. Ички аудит тармагында улук топтогу бош административдик муниципалдык кызматтын муниципалдык кызмат ордун ээлөө үчүн.
1) кесиптик билиминин деңгээли:
– экономика, финансы, бухгалтердик эсеп жана аудит, гуманитардык илимдер жаатындагы «юриспруденция» багыты боюнча жогорку билим.
2) Иш стажы жана тажрыйбасы: мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем эмес;
3)Кесиптик компетенттүүлүгү боюнча төмөнкүлөрдү билүү:
Жалпы мыйзамдар:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2) “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
3) “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
4) “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
5) “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
6) “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилген талаптарга ылайык мамлекеттик тилди билүүгө жана аны кызматтык милдеттерин аткарууда пайдалануу жана расмий тилди билүү;
– мыйзамдарда каралган учурларда кызматчынын ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон көлөмдө санариптик сабаттуулугунун болушу.
тиешелүү тармактагы мыйзамдар:
– Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин жана Эмгек кодекси;
– «Борбордун статусу жөнүндө», «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө»,
«Бухгалтердик эсеп жөнүндө», «Ички аудит жөнүндө», «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдары;
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 31-декабрындагы № 721 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана мекемелеринин ички аудиторлорунун этикалык стандарттары;
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-сентябрындагы № 498 токтому менен бекитилген Ички аудит боюнча кеңеш жөнүндө жобосу;
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 31-декабрындагы № 722 токтому менен бекитилген Бюджеттик мекемелерде финансылык башкаруу жана контролдоо жөнүндө жобосу;
– Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2023-жылдын 14-сентябрындагы № 112-П буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы Ички аудиттин стандарттары;
– Бишкек шаарынын мэриясынын Регламенти;
– кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.
Ачык конкурс өткөрүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 13-февралындагы № 43 Жарлыгы менен бекитилген.
Конкурска катышууга ниет билдирген талапкерлер арызды электрондук форматта «е-Kyzmat» мамлекеттик порталындагы жеке кабинети аркылуу https://kyzmat.gov.kg/ru бере алышат.
Арызга төмөнкү документтер электрондук форматта (сканерден өткөрүлгөн документтер) тиркелет:
– жогорку кесиптик билими бар экендигин тастыктаган документ (негизги жана кошумча билими болсо), ага тиркемелери менен кошо;
– эмгек китепчеси, анын ичинде кошумча барактары (вкладыштары) менен;
– илимий даражасы же илимий наамы бар экендигин тастыктаган документ (эгер бар болсо);
– квалификацияны жогорулатуу жөнүндө документ (эгер бар болсо).
Талапкер конкурс өткөрүүнүн бүткүл мезгилинде өзүнүн электрондук почтасынын дарегине, ошондой эде «e-Kyzmat» мамлекеттик порталындагы жеке кабинетине жөнөтүлгөн маалыматтарды жана билдирүүлөрдү өз убагында карап турууга милдеттүү.
Эскертүү: ачык конкурска мындан ары катышуу үчүн документтери коюлган талаптарга ылайык келген талапкерлер гана чакырылат. Талапкерлердин байланыш маалыматтары жана даректери так көрсөтүлүүгө тийиш.
Документтер: 2026-жылдын 9-октябрынан 18-октябрына чейин «е-Kyzmat» мамлекеттик порталындагы жеке кабинет аркылуу электрондук форматта кабыл алынат, маалымат алуу үчүн байланыш номери: 0312 979195 (кошумча 0124). Вакансияга жооп берүү үчүн авторизациядан өтүү талап кылынат. Авторизациядан өтүү боюнча нускама (видео) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык бош кызмат орундарынын порталында https://kyzmat.gov.kg/ru жайгаштырылган, маалымат алуу үчүн байланыш номери: 0312 366322, 0312 620286.

wpChatIcon
wpChatIcon