Сокулук районунун Манас айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 13.02.2026-ж. №43 Жарлыгы менен бекитилген “Ички кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс өткөрүүнүн тартиби жөнүндө” Жобого ылайык административдик кызмат орундарына ички кадрлар резервине конкурс жарыялайт:

Каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы
Башкы адис юрист

Каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы (У-А), 1-бирдик
1. Кесиптик билимдин деңгээли:
– экономика жана менеджмент, финансы, салыктар, бухгалтердик эсеп жана аудит, техникалык, юриспруденция, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу боюнча жогорку кесиптик билим.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
– мамлекеттик муниципалдык кызматта жалпысынан 1 жылдан кем эмес иш стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
3. Профессионалдык компетенциясы
– билүүсү талап:
1) КР “Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө” мыйзамы 2001-жылдын 19-декабры №111
2) КР “Кепилденген мамлекеттик минималдык социалдык стандарттар жөнүндө” мыйзамы 2009-жылдын 26-майы № 170
3) КР «Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө» мыйзамы 2017-жылдын 28-апрели № 70
4)“Кыргыз Республикасынын “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” Мыйзамы;
5) Кыргыз Республикасынын “Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө” Мыйзамы;
6) Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодекси 2016-жылдын 16-майы № 59

– кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон өлчөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди;
– жөндөмдөр:
маалыматтарды чогултуу, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
аналитикалык жана стратегиялык документтерди даярдоо;
тиешелүү тармактагы ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикада колдонуу;
кесиптештери менен натыйжалуу кызматташуу;
коомчулук менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
жаңы эмгек шарттарына көнүү
– көндүмдөр:
ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
ишти пландаштыруу жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;
башкаруу чечимдерин оперативдүү ишке ашыруу;
компьютердик жана оргтехникага, керектүү программалык продуктыларга ээ болуу;

Юрист башкы (У-Б), 1-бирдик
1. Кесиптик билимдин деңгээли:
– жогорку юридикалык билими;
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
– мамлекеттик муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
3. Профессионалдык компетенциясы
– билүүсү талап:
1) Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы;
2) КР “Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө” мыйзамы 2016-жылдын 16-декабры № 201
3)“Укук бузуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын кодекси.
4) Кыргыз Республикасынын «Пробация жөнүндө» мыйзамын;
-кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон өлчөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди;
– билгичтиги:
-жогору турган жетекчилердин көрсөтмөлөрүн сапаттуу аткаруу;
-документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
-тиешелүү тармактагы ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикада колдонуу;
-кызматтык милдеттерине ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
-жарандардын кайрылууларын кароо жана аларга жоопторду даярдоо;
-мамлекеттик жана же расмий тилде иштиктүү кат алышуу; командалык иш;
-көндүмдөрү:
ченемдик укуктук актылар менен иштөо жана аларды практикада колдонуу;
компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

“e-Kyzmat” мамлекеттик порталындагы (https://kyzmat.gov.kg/) жеке кабинети аркылуу сынакка катышууну каалаган талапкерлер арызына төмөнкү документтерди электрондук форматта (сканерленген көчүрмөлөрүн) тиркөөгө тийиш.

– кесиптик жогорку билими бар экендигин тастыктаган документ (негизги жана кошумча – эгерде бар болсо), анын ичинде тиркемелери менен;
– эмгек китепчеси, анын ичинде кошумча барактары менен;
– илимий даража же илимий наамы бар экендиги жөнүндө документ (эгерде бар болсо);
– квалификацияны жогорулатуу жөнүндө документ (эгерде бар болсо).

Сынакка катышуу үчүн каалоочулар жарыя жарыяланган күндөн тартып 10 күндүн ичинде төмөнкү дарек боюнча Манас айыл өкмөтүнө документтерин тапшырышы керек: Манас айылы, Школьная көчөсү 19А (айыл өкмөтүнүн имараты) .
Конкурска катышууга каалоо билдирген талапкерлер арызды электрондук форматта мамлекеттик “e-Kyzmat” (https://kyzmat.gov.kg/) порталы аркылуу жеке кабинети менен тапшыра алышат.Арызга төмөнкү документтер электрондук форматта (сканерленген түрдө тиркелет:
Маалымат үчүн Телефон: (0312)61-77-28; (0705) 17-96-56;