Кадрдык резервге киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга жооп бериши керек Административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн: -жогорку билим; -мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта бир жылдан кем эмес иш стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы. Административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн: – жогорку билим; – иш стажы талап кылынбайт. Улук административдик кызмат орундарына талапкерлер үчүн тесстик тапшырмаларды түзүүдө колдонулуучу ченемдик укуктук актылардын тизмеси: Кыргыз Республикасынын Конституциясы; «Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; «Мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; «Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. Предметтик мыйзамдарды билүү үчүн: «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; «Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кенже административдик кызмат орундарына талапкерлер үчүн тесстик тапшырмаларды түзүүдө колдонулуучу ченемдик укуктук актылардын тизмеси: Кыргыз Республикасынын Конституциясы; «Мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. Предметтик мыйзамдарды билүү үчүн: «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; «Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жөнүндөгү жобосу» Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы №252 Токтому. Сынакка катышуу үчүн төмөндөгү документтер талап кылынат: жеке арызы; резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өмүр баяны (сот жообуна тартылбагандыгы жөнүндө маалымдама); негизги жана кошумча билимин ырастоочу документтерин мамлекеттик нотариус же акыркы иштеген жери тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү; эмгек китепчесинин (иш стажы бар болсо) мамлекеттик нотариус же акыркы иштеген жери тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү; илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтеринин (бар болсо) мамлекеттик нотариус же акыркы иштеген жери тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү; паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы сынакка келгенде көрсөтүлөт) Конкурс жарыялангандан тартып 10 күн ичинде кабыл алынат.Конкурска катышуу үчүн документтер «делого» тиркелип, Чаек айылы, М.Алыбаев көчөсү №39, Жумгал райондук Эмгек,социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгына тапшырылууга тийиш. Сурап билүү байланыш номер: 0(3536) 23-236; 23-033 Квалификациялык талаптарга жооп бербеген талапкерлер конкурска чакырылбайт. Жазуулар боюнча багыттоо Нарын районунун Каракужур айыл аймагынын айыл окмоту муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарына кадрлардын резервине кирүү үчүн ачык сынак жарыялайт Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы