Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын бардык топторуна жалпы квалификациялык талаптары. Транспорт багыты боюнча мамлекеттик административдик кызмат ордуна кенже тобу үчүн. 1.Транспорт багыты боюнча мамлекеттик административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн: (ТК бѳлүмдүн инспекторуна) Кесиптик билимдин деңгээли: Жогорку кесиптик билим: 1.”Техникалык илимдер” чѳйрѳсүндѳгү жогорку техникалык кесиптик билиминин тѳмѳндѳгү багыттагы адистиктери: – «Жер транспортунун системалары» багытындагы «Автомобиль жана автомобиль чарбасы» адистиги; – «Автотранспорт каражаттарын эксплуатациялоо» багытындагы «Ташууну жана транспортту башкарууну уюштуруу», «Жол кыймылын уюштуруу», «Кыймылды уюштуруу жана коопсуздук», «Автомобиль транспортун эксплуатациялоо» адистиктери; «Транспорттук техника жана технология» чѳйрѳсүндѳгү жогорку техникалык кесиптик билиминин тѳмѳндѳгү багыттагы адистиктери: -«Транспорт-технологиялык машиналарды жана комплекстерди эксплуатациялоо» багытындагы «Автомобиль транспорту», «Суу транспорту», «Машина куруу», «Механизация» адистиктери. 2.Иш стажы жана тажрыйбасы: – иш стажына талаптар коюлбайт; (кенже тобуна). Кесиптик компетенциялар: -«Автомобиль транспорту жѳнүндѳ» Кыргыз Рспубликасынын Мыйзамы; -«Кыргыз Республикасындагы лицензиялык –уруксат берүү тутуму жѳнүндѳ» Кыргыз Рспубликасынын Мыйзамы; -Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2018-жыл 17-сентябрындагы № 430 “Кыргыз Республикасынын автомобиль жана суу транспорту жаатындагы иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому; -Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2013-жылдын 23-сентябрындагы № 519 «Кыргыз Республикасында автоунаа транспорту менен жүргүнчүлѳрдү ташууларды уюштуруунун эрежелерин бекитүү жѳнүндѳ» токтому; -Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2014-жылдын 23- декабрындагы № 724 «Кыргыз Республикасында автомобиль транспорту чѳйрѳсүндѳгү мыйзамдарынын сакталышын мамлекеттик контролдоону ишке ашыруу боюнча нускаманы бекетүү жѳнүндѳ» токтому; – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022- жылдын 14- апрелиндеги №223 “Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти жөнүндө” токтому; Ошондой эле тѳмѳнкүлѳрдү билүү зарыл: – кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон кѳлѳмдѳ мамлекеттик жана расмий тилдерди. -статистикалык маалыматтарды талдоо жана чечимдерди кабыл алуунун натыйжалуулугун колдоо үчүн маалыматтарды ѳндүрүү; – тест, графикалык жана таблицалык редакторлор менен иштѳѳ; -файлдарды жана папкаларды түзүү жана иштѳѳ, атын ѳзгѳртүү, кѳчүрүү, жылдыруу, жок кылуу жана калыбына келтирүү; -тышкы перифериялык түзүлүштѳрдү туташтыруу; -диск мейкиндигин тазалоо (архивдѳѳ); -компьютердик жана социалдык тармактардагы иш: маалыматты издѳѳ, бѳлүшүү жана сактоо (интернет, электордук почта ж.б.) – электрондук каттарды кабыл алуу жана жѳнѳтүү; -ар кандай браузерлер менен иштѳѳ; -кеңсе техникасы менен иштѳѳ: кѳчүргүчтѳр , принтер,сканер, пректор же интерактивдүү доска, факс. 3.1. Билгичтиги: – жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу; – документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо; – тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу; – кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландоо; – жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо; – мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу; – командада иштөө. 3.2. Көндүмдөр: – ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу; -компьютердик жана уюштуруу техникасын,зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү. Конкурска катышуу үчүн зарыл болгон документтер (чогултулуп тиркелет): — Форма боюнча жеке арыз; — Кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча (сүрөтү менен); — Резюме (телефон номерин жана электрондук почтасын көрсөтүү менен); — Автобиография (соттолбогону бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен); — Негизги жана кошумча билими жөнүндө дипломдун көчүрмөсү (нотариалдык же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн); — Нотариалдык же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы болсо); -Окумуштуулук даражаны жана окумуштуулук наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо); — Паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт). Талапкерлердин документтери жарыя сайтка чыккан кундөн баштап кабыл алынат. (Талапкер Каракол шаарына) 2024-жылдын 09-октябрдан 2024-жылдын 19-октябрына чейин Балыкчы шаарындагы Ж.Абдрахманов көчѳсүнүн № 15 дареги боюнча кабыл алынат. Маалымат үчүн Телефон (03944) 70912. Жазуулар боюнча багыттоо Түп райондук мамлекеттик администрациясы кадрлар резервине киргизүү үчүн кенже административдик мамлекеттик кызматынын ордуна ачык сынак жарыялайт: Түп райондук мамлекеттик администрациясы кадрлар резервине киргизүү үчүн кенже административдик мамлекеттик кызматынын ордуна ачык сынак жарыялайт: