Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору — ДЖАНТАЕВ Эльчибек Нуржадыевичтин катышуусунда үч күндүк семинар старт алды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик 2022-жылдын 7-сентябрынан баштап Кыргыз Репсубликасынын Улуттук статистикалык комитети, “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын менен биргеликте Кыргыз Республикасындагы Дүйнөлүк Банктын жана Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу менен Ысык-Көл облусунда “Санарип аймак” автоматташтырылган маалыматтык тутумунун жаңы функционалдарын үйрөтүү боюнча 3 күндүк окуу семинар башталды.
Окуу семинарга Ысык-Көл жана Нарын облустарынын жооптуу катчылары катышууда, окуу семинардын негизги максаты “Санарип аймак” тутумунун “Чарба китеби” жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын паспорту” модулдарынын жаңы фунцияларын окууту жана практикалык түрдө үйрөтүү. Бул семинар 2022-жылдын 7-октябрына чейин созулуп, республикадагы бардык жооптуу катчылар окутулат.
Окуу семинарда, “Санарип аймак” тутумун мыкты алып барып мыкты көрсөткүчтөргө жеткендиктери үчүн Агенттиктин ведомстолук сыйлыктары менен сыйланды.