Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын аттестациядан өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобо

(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 169 Жарлыгы)

Аттестация кызматчынын кесиптик билимин жана көндүмдөрүн аныктоонун, анын кесиптик өнүгүүсүнө дем берүүнүн, анын ишинин натыйжалуулугун аныктоонун формасы болуп саналат.

Аттестация туруктуу негизде, бирок эки жылда бир жолудан көп эмес өткөрүлөт.

Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисинин алмашуусу кызматчыларды аттестациядан өткөрүү үчүн негиз болуп саналбайт.

Төмөнкү кызматчылар аттестациядан өткөрүлүүгө тийиш эмес:

1) эгерде өздөрү мындай каалоосун билдирбесе, тиешелүү категориядагы административдик кызмат ордун бир жылдан аз ээлегендер;

2) кош бойлуу аялдар, эгерде алар өздөрү мындай каалоосун билдирбесе;

3) кош бойлуулук жана төрөт боюнча, ошондой эле бала багуу боюнча өргүүдө жүргөндөр;

4) 1 жылдан ашык мөөнөткө окууга жөнөтүлгөндөр.

Кызматчыны аттестациялоо төмөнкү компоненттерди камтыйт:

— түздөн-түз жетекчинин баасы;

— компьютердик тестирлөө;

— аңгемелешүү

Белгиленген компоненттердин ар бири 10 баллдык (кошо алганда) шкала боюнча бааланат.

Аттестациянын жыйынтыгы боюнча алына турган максималдуу балл 30 баллды түзөт.

  1. Түздөн-түз жетекчинин баасы

Түздөн-түз жетекчи кызматчыга иштин толуктугу жана сапаты, уюштуруучулук жөндөмү, жоопкерчилик жана аткаруучулук жана башка көрсөткүчтөр боюнча баа берет.

  1. Кызматчыларды компьютердик тестирлөө

Компьютердик тестирлөөнүн этаптары:

1) мыйзамдарды билүү (жалпы жана предметтик);

2) кызматчынын кесиптик жактан маанилүү жеке сапаттарын аныктоо (логикалык тест).

III. Аңгемелешүү

Аңгемелешүү аттестациялык комиссия тарабынан өткөрүлөт жана анын сандык жана жеке курамы, анын иш тартиби жана мөөнөтү жетекчис тарабынан бекитилет.

Комиссиянын мүчөлөрүнө кызматчылардын тизмеси бар бланктар берилет, мында комиссиянын мүчөлөрү аттестациядан өтүүчү адамдарга баалайт (0дон 10 баллды кошуп).

Кызматчы аңгемелешүүдө алган баллдары суммаланат жана алынган баллдардын суммасын комиссиянын жыйналышына катышкан комиссия мүчөлөрүнүн санына бөлүү жолу менен орточо мааниси чыгарылат.

Аттестациянын жыйынтыгын чыгаруу

Алынган жыйынтыктоочу баллга ылайык комиссия тарабынан аттестациядан өтүүчү кызматчы боюнча төмөнкүдөй чечим чыгарылат:

— 26дан 30га чейин баллды кошуп алганда «ээлеген кызмат ордуна ылайык келет, кызмат ордунан көтөрүүгө сунушталат» деген баа коюлат;

— 15тен 25ке чейин баллды кошуп алганда «ээлеген кызмат ордуна ылайык келет» деген баа коюлат;

— 15тен аз балл алганда «ээлеген кызмат ордуна ылайык келбейт» деген баа коюлат.

Эгерде кызматчы «ээлеген кызмат ордуна ылайык келбейт» деген баа алса, ал биринчи аттестациянын жыйынтыгы чыгарылган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин кайра аттестациядан өтөт.

Эгерде кайталап аттестациялоонун жыйынтыгы боюнча кызматчы «ээлеген кызматка ылайык келбейт» деген баа алса, ал ээлеген кызмат ордунан бошотулат.