Кудайберген Базарбаевдин буйругунун негизинде “Санарип аймак” мааламат тутуму боюнча Агенттиктин бөлүм башчысы В.А. Исалиева Ош шаарында иш сапарда болду
Ош шаары боюнча “Санарип аймак” автоматташтырылган маалыматтык системасын толтурууну тездетүүгө колдоо көрсөтүү үчүн, 2023-жылдын 4-5-декабрында Агенттиктин бөлүм башчысы Исалиева В.А. Ош шаарына иш-сапарга чыгып, бул маселе боюнча жеринде болгон көйгөйлер менен таанышып, аларды чечүү үчүн төмөнкү иштер аткарылды.
Ош шаарынын мэриясында шаарга караштуу 7 муниципалдык башкармалыктардын жетекчилеринин жана мэриянын жоопту кызматкерлеринин катышуусу менен жыйын уюштурулуп, шаар тургундарын “Санарип аймак” системасына каттоо маселеси эң төмөн денгээлде жүргүзүлгөндугу маалымдалып, көйгөйлөр талкууланып, тапшырмалар берилди.
4-5-декабрында Агенттиктин түштүк аймактык башкармалыгынын адистери жана мэриянын кызматкерлери менен “Курманжан Датка”, “Амир Темир”, “Жапалак”. “Манас Ата” муниципалдык башкармалыктарына барып, квартальный комитеттери менен жолугушуулар өткөрүлдү.
Ошондой эле Ош шаары боюнча “Санарип аймак” системасына каттону активдештирүү максатында мекемелелердин жетекчилерине мэрия тараптан тапшырмалар берилди.