#Агенттик ишембиликте
Кыска аралыктан эле 2.5 тонна таштанды чогулду
Кыргыз Республикасынын Президентинин демилгесин колдоо макасатында Агенттик ишембиликке чыкты.
Бүгүн Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин кызматкерлери ишембиликке чыгышты.
Белгиленген тилкелерди таштандылардан тазалоо, чогултуу жумуштары аткарылды. Мындай иш-аракеттер ар аптанын ишемби күндөрү жүрүүдө.
Алмата көчөсүнүн Эне-Сай конушуна бурулган жерден тартып, Бишкектин түндүк тарабындагы айланган жолго чейинки аралыктагы таштанды теришти. Натыйжада жолдун эки бетиндеги кыска аралыктан эле 2.5 тоннадай таштанды жыйналды.