Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын административдик мамлекеттик кызмат орундарынын кенже тобундагы кызмат орундарына кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт
Административдик кызмат орундарына коюлуучу жалпы талаптар:
Кызматчы төмөнкү талаптарга ылайык келүүгө тийиш:
1) Кыргыз Республикасынын жараны болууга;
2) мамлекеттик жарандык кызмат үчүн — 21 жаштан жаш болбоого;
3) ушул кызмат орду үчүн мыйзамдарда жана кызматка кабыл алууну жүзөгө ашырып жаткан Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты тарабынан белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келүүгө.
Кенже топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарынын тобуна төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет:
- кесиптик билимдин деңгээли:
- Социалдык, гуманитардык илимдер, педагогикалык билим берүү, экономика жана башкаруу, маалымат коопсуздугу, эсептөө техникасы жана информациялык технологиялар багыттары боюнча жогорку кесиптик билими;
2) иш стажы жана тажрыйбасы:
— иш стажына талаптар коюлбайт;
3) кесиптик компетенттүүлүгү:
— төмөнкүлөрдү билүү:
Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү мыйзамдарды;
кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди;
— билгичтиги:
жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;
кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландоо;
жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;
мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
командада иштөө:
— көндүмдөрү:
ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.
Административдик мамлекеттик кенже кызмат орундарынын тобу үчүн тесттик тапшырмаларды (негизги тест) түзүүдө колдонулуучу ченемдик укуктук актылардын тизмеси
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2) Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык
кызмат жөнүндө» Мыйзамы;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы
№120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын
жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Административдик мамлекеттик кенже кызмат орундарынын тобу үчүн тесттик тапшырмаларды (предметтик тест) түзүүдө колдонулуучу ченемдик укуктук актылардын тизмеси
- “ Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Конституциялык Мыйзамы;
- “Коомдук саламаттыкты сактоо жөнүндө” Мыйзамы;
- “Дене тарбия жана спорт боюнча” Мыйзамы;
- “Туризм” жөнүндө Мыйзамы;
- “Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери жөнүндө” Мыйзамы;
- “Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө” Мыйзамы;
- “Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө”;
- “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика ”Кодекси;
Тандоого катышуу үчүн төмөндөгүдөй документтерди тапшыруу керек:
— өзүнүн арызы;
— резюме (электрондук почтасын, жашаган дарегин, байланыш телефондорун көрсөтүү менен);
— өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
— илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;
— паспорттун көчүрмөсү.
Тандоого катышуу үчүн керектүү документтер төмөндөгү даректе саат 8-30дан 17-30га чейин кабыл алынат. Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн расмий веб-сайтына чыккан күндөн тартып 2024-жылдын 25-ноябрь күнүнөн кечиктирбей “Сынакка” деген белги коюлган көктөмөгө салынып тапшырылуусу зарыл.
Документтерди кабыл алуу дареги: Талас шаары Бердике баатыр көчөсү №287, 3-кабат №316 бөлмөсү. Байланыш телефондору: (03422) 5 3975, 0708 809698.