Агенттиктин мониторинг жана мыйзамдуулукту контролдоо бөлүмүнүн 2026-жылдын I-чейрегиндеги жыйынтыгы 2026-жылдын биринчи чейрегинде бөлүм тарабынан 18 мониторинг жана текшерүү жүргүзүлүп, тиешелүү мамлекеттик органдарга маалымкаттар жөнөтүлдү. Натыйжада: ✔️ 4 кызматкерге тартиптик жаза берилди ✔️ 2 мамлекеттик органда кызматтык териштирүү жүрүүдө ✔️ Айрым органдарда кадрдык иштер мыйзам талаптарына ылайык жүргүзүлө баштады 🔎 Мониторинг учурунда төмөнкү негизги кемчиликтер аныкталды: — Этика комиссияларынын ишинин солгундашы — “е-Кызмат” системасынын талаптагыдай жүргүзүлбөшү — Кадрдык документтердеги мыйзам бузуулар — Чет өлкөлүк иш сапарларды уюштуруудагы талаптарды сактабаган учурлар — Документтерди жасалмалоо фактылары Бир мамлекеттик органды текшерүүнүн жыйынтыгында мамлекетке 22 миң 365 сомдон кайтарылды. 📌 Эң жакшы көрсөткүч: Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине караштуу Байланыш тармагында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы. 📌 Төмөн көрсөткүчтөр аныкталган органдарда аныкталган ☎️ Квартал ичинде ишеним телефону аркылуу 1100 жарандын кайрылуусуна жооп берилди. 📈 2026-жылдын I-чейрегинде 404 кат келип түшүп, өткөн жылга салыштырмалуу көрсөткүч кескин өстү. Алдыга коюлган пландар дагы айтылды. Жазуулар боюнча багыттоо ЖАЛПЫ РЕСПУБЛИКАЛЫК ЭКИ АЙЛЫК ИШЕМБИЛИК АЯКТАДЫ