Агенттик мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди окутууда Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын мэриясында жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматчылары үчүн окутуу-семинар өткөрүүдө. Семинардын жүрүшүндө коррупцияга каршы аракеттенүү, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагы өзгөрүүлөр, муниципалдык ишканалардын ишмердүүлүгү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу тармагындагы актуалдуу маселелер талкууланууда. Иш-чаранын негизги максаты — мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кесиптик билим деңгээлин жогорулатуу, тажрыйба алмашуу жана мыйзамдардагы өзгөрүүлөр боюнча маалымат берүү. Белгилей кетсек, аталган окутуу-семинар 2026-жылдын 26-майында Балыкчы шаарында дагы улантылат. Жазуулар боюнча багыттоо Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын ишин баалоо тартиби бекитилди