Агенттиктин директорунун орун басары Руслан Кубаталиев Ош шаарында өткөн окутуучу семинарга катышты

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан Ош шаарында жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү үчүн окутуучу семинар уюштурулду.

Семинардын ишине Агенттиктин директорунун орун басары Руслан Кубаталиев жана тиешелүү башкармалыктардын, бөлүмдөрдүн жетекчилери катышып, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат, кадр саясаты, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү жана муниципалдык менчикке байланышкан актуалдуу маселелер боюнча маалымат беришти.

Мындан тышкары, коррупцияга каршы аракеттенүү, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын этикасы, кызыкчылыктардын кагылышуусу, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү акыркы өзгөрүүлөр, ошондой эле муниципалдык ишканалардын ишмердүүлүгүнө байланышкан маселелер боюнча окутуу-семинар өткөрүлүп, катышуучуларга кеңири түшүндүрмөлөр берилди.

Иш-чара суроо-жооп форматында өтүп, катышуучулар практикалык сунуштарын жана пикирлерин билдиришти.