Достук айыл өкмөтү башкы жана улуг топтогу административдик муниципалдык кызмат орундарынын кадрдык резервине кабыл алуу боюнча ачык конкурс жарыялайт. Административдик муниципалдык кызмат орундарына коюлуучу жалпы талаптар: Кызматчы төмөнкү талаптарга ылайык келүүгө тийиш: ➢ Кыргыз Республикасынын жараны; ➢ 18 жаштан жаш болбоого; ➢ Соттуулугу жок; ➢ төмөнкүлөрдү билүү: Башкы административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн ченемдик укуктук актылардын тизмеси: 1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы; 2. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинети жөнүндө” Конституциялык мыйзамы; 3. «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы; 4. Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодекси; 5. Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамы; 6. Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы; 7. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамы; 8. Кыргыз Республикасынын “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” мыйзамы; 9. Кыргыз Республикасынын “Маалымат алуу укугу жөнүндө» Мыйзамы; 10. Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамы; 11. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. Айыл өкмөттүн башчысынын орун басары – (Б-А) – 1 штаттык бирдик 1) кесиптик билимдин деңгээли: – жогорку билим ; 2) иш стажы жана тажрыйбасы: – мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 3 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 5 жылдан кем эмес иш стажы; 3) кесиптик компетенттүүлүгү: Төмөнкүлөрдү билүү: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды: 1. Кыргыз Республикасынын Жер кодексин; 2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодексин; 3. Кыргыз Республикасынын “Жамааттар жана алардын бирикмелери жөнүндө” мыйзамын; 4. Кыргыз Республикасынын “Аксакалдар соттору жөнүндө” мыйзамын; 5. Кыргыз Республикасынын “Тынч чогулуштар жөнүндө” мыйзамын; 6. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын; 7. Кыргыз Республикасынын “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө” мыйзамын; 8. Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө” Жарлыгын – адам ресурстарын башкаруу жаатында; – кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди; билгичтиги: – иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу; – түзүмдүк бөлүмдөрдүн көйгөйлөрүн талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүүдө жаңы ыкмаларды интеграциялоо; – башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу; – кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү; – коюлган милдеттерди чечүүдө новатордук ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктердү издөө; – өзүнүн ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландоо; – ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү; – чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу; көндүмдөрү: – аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу; – түзүмдүк бөлүмдү башкаруу (баш ийген кызматкерлердин ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди сарамжалдуу бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын өзүнө баш ийген кызматкерлерге сапаттуу жеткирүү, башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана ишке ашыруу, иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө); – маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; – ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; – натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин. кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн, элдин алдыңда сүйлөөнүн ыкмаларын билүү, мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу; – компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү. Улук административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн ченемдик укуктук актылардын тизмеси: 1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы; 2. «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы; 3. Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамы; 4. Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы; 5. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”; 6. Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамы; 7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. Айыл өкмөттүн жерге жайгаштыруу, агрардык өнүктүрүү жана муниципалдык мүлктөр боюнча башкы адиси (У-Б) – 1 штаттык бирдик 1) кесиптик билимдин деңгээли: – геодезия жана жерге жайгаштыруу, архитектура жана курулуш, топурак таануу, картография, агрономия, агрохимия жана агротаануу, юриспруденция техникалык инженерия багыттары боюнча жогорку билим 2) иш стажы жана тажрыйбасы: – мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем эмес иш стажы; 3) кесиптик компетенттүүлүгү: Төмөнкүлөрдү билүү: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды: 1. Кыргыз Республикасынын Жер кодексин; 2. Кыргыз Республикасынын Суу кодексин 3. Кыргыз Республикасынын Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө” мыйзамын; 4. Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндөгү” мыйзамын; 6. Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамы; – кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү; билгичтиги: – маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; – аналитикалык документтерди даярдоо; – тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу; – кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу; – иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; – эмгектин жаңы шарттарына көнүү; көндүмдөрү: – ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; – ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү; – башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу; – компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү. Айыл өкмөттүн башкы адис – юрист (У-Б) – 1 штаттык бирдик 1) кесиптик билимдин деңгээли: – жогорку юридикалык билим 2) иш стажы жана тажрыйбасы: – мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптикчөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем эмес иш стажы; 3) кесиптик компетенттүүлүгү: Төмөнкүлөрдү билүү: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды: 1. Кыргыз Республикасынын Жер кодексин; 2. Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” кодексин; 3. Кыргыз Республикасынын “Аксакалдар соттору жөнүндө” мыйзамын; 4. Кыргыз Республикасынын “Пробация жөнүндө” мыйзамын; 5. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамын; – кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү; билгичтиги: – маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; – аналитикалык документтерди даярдоо; – тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу; – кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу; – иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; – эмгектин жаңы шарттарына көнүү; көндүмдөрү: – ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; – ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү; – башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу; -компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү. Ачык конкурска андан ары катышуу үчүн документтери коюлган талаптарга ылайык келген талапкерлер гана чакырылат. Талапкерлердин байланыш маалыматтары жана дареги так көрсөтүлүшү керек. • Конкурска катышууну каалаган талапкерлер «е-Kyzmat» мамлекеттик порталынын жеке кабинети аркылуу электрондук форматта арыз бере алышат — https://kyzmat.gov.kg/kg Конкурска катышуу үчүн төмөнкүлөрдү берүү зарыл: 1. Жеке билдирүү 2. Сүрөтү менен жеке баракча 3. Паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы конкурска келгенде берилет) 4. Эмгек китепчесинин көчүрмөсү, кесиптик билим алууга, квалификациясын жогорулатууга, окумуштуулук наам ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн), иштеген жеринен берилген сунуштар. Резюме. Конкурска катышуу үчүн бардык каалоочулар документтерди 2026 жылдын 11-августунан 24-августуна чейинки мөөнөттө саат 17-00 чейин тапшырышы керек. Төмөнкү дарек боюнча кайрылуу керек: Чүй облусу, Аламүдүн району, Ленинское айылы, Алма-Ата көчөсү, 285, Достук айыл өкмөтүнүн имараты. Тел: 0312 414574. Эскертүү: Бардык квалификациялык талаптардан өткөн конкурсанттар конкурска катышуу үчүн чакырылат, байланыш телефондорун көрсөтүү зарыл. Жазуулар боюнча багыттоо Кемин районунун Чым-Коргон айыл өкмөтү ачык сынак жарыялайт Ысык-Ата районунун Нурманбет айыл өкмөтү ачык сынак жарыялайт