Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу «Сел жана суу ташкындарынан коргоо» кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн административдик мамлекеттик жарандык кызматынын орундарына конкурс жарыялансын:
I.Жарандык административдик кызмат орундарынын улук тобуна (Бишкек ш. – 2-бирдик, Талас ш. – 1-бирдик, Каракол ш. –1 бирдик):
1)Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2)Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамы “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө”;
3)Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
4)Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы;
5)Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы;
6)Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы;
7)Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-марттындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама
Улук топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет:
1. Кесиптик билимдин деңгээли:
– жогорку кесиптик билим, төмөндөгү багыттар боюнча: гидромелиорация, гидротехникалык курулуш жана курулуш
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы жалпысынан бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы
3. Кесиптик компетенттүүлүгү:
3.1. Төмөнкүлөрдү билүү:
-Кыргыз Республикасынын Суу кодексин;
– Кыргыз Республикасынын “Жарандык коргоону жөнүндө”, “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Мыйзамдарын;
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-ноябрындагы № 550 “Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын классификациясын жана алрды баалоонун критерийлердин бекитүү жөнүндө” токтомунун;
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомунун 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 262 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндөгү жобосу” жана “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу “Сел жана суу ташкындарынан коргоо” кызматы жөнүндөгү жобосу”;
– Гидротехникалык курулуштар. Негизги жоболор. ЭКН 33-01-12; Гидротехникалык курулуштар. Долбоорлорун негизги жоболору (ЭКН 3.04-01-2005, КНжЭ 2.06.01-86); Суу каптоодон инженердик коргоону КНжЭ 2.06.15-85; Гидротехника. Негизгиитүшүнүктөр. Терминдер жана аныктамалар ГОСТ 19185-73; Селден коргоочу курулмалардын эксплуатациялоо эрежелери. Негизги жоболоруу ЧД 33-3.2.05-88; Кыргызстандын тоолу дарыяларынын шартында жээк коргоочу тосмолорду долбоорло боюнча сунуштар.
3.2. Билгичтиги:
– толук оңдоо жумуштары өтө турган курулмалар үчүн долбоор иштеп чыгуу (эсептөө жана чиймелер);
– объекти нивелирдик жана теодолиттик ченем өткөрүү;
– технологиянын негиздери жана курулуш иштерин түрлөрүн билүү;
– Толук оңдоолуучу объекттерге керектөөчү каржаттын эсептеп чыгаруу;
– техникалык эксплуатациянын эрежелерин коргоо жана калыбына келтирүү жумуштарынын түзүлүшүн, техникалык тейлөөнү;
– аналитикалык иш – кагаздарды түзүү;
– презентация жасоого жөндөмдүү
3.3.Көндүмдөрү:
– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
– геодезиялык инстурменттерде иштөө, тиешелүү жайларды сүрөткө түшүрүү
– мыйзамдарда каралган учурларда кызматчынын ишти жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүсүнө карата;
– мыйзамдарда каралган учурларда кызматчынын ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон көлөмдө санариптик сабаттуулугунун болушуна карата.
II. Сынакка катышууну каалаган талапкерлер документтин толук топтомун электрондук форматта “Е-Kyzmat” (https://kyzmat.gov.kg) мамлекеттик порталынын жеке кабинети аркылуу бере алышат.
Өтүнмөгө электрондук форматтагы төмөнкү документтердин (сканерленген документтер) тиркелет.
– жогорку кесиптик билими бар экендигин тастыктаган документ (негизги жана кошумча билими болсо), ага тиркемелери менен кошо;
– эмгек китепчеси, анын ичинде кошумча барактары (вкладыштары) менен;
– илимий даражасы же илимий наамы бар экендигин тастыктаган документ (эгер бар болсо);
– квалификацияны жогорулатуу жөнүндө документ (эгер бар болсо).
Талапкер конкурс өткөрүүнүн бүткүл мезгилинде өзүнүн электрондук почтасынын дарегине, ошондой эле «e-Kyzmat» мамлекеттик порталындагы жеке кабинетине жөнөтүлгөн маалыматтарды жана билдирүүлөрдү өз убагында карап турууга милдеттүү.
Документтер 2026-жылдын 8-октябрынан тартып 22-октябрын кошо эсептɵɵ менен кабыл алынат.
Талас шаары, Ч.Айтматов көч. 370, Талас облустук “Сел жана суу ташкындарынан коргоо” бөлүмү, тел.: 0559112396;
Бишкек шаары, Осмонкула көч. 128, Чүй облустук “Сел жана суу ташкындарынан коргоо” бөлүмү, тел.: 0550943239;
Каракол шаары, Алыбаков көч. 87, Ысык-Көл облустук “Сел жана суу ташкындарынан коргоо” бөлүмү, тел.: 0551227219;
Бишкек шаары, Манас проспекти,101/1, 1 кабат, 103 кабинет, тел.: 0558112400 кадрлар бөлүмү
Толук маалыматты КР ӨКМнин (www.mes.gov.kg) сайттарынан алса болот.

wpChatIcon
wpChatIcon