Кудайберген Базарбаев эмгек жамааты менен мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын абалынан кабар алды

Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору К.Б. Базарбаев эмгек жамааты менен Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын эл аралык күнүнө карата Мүмкүнчүлүгү чектелген аялдардын республикалык көз карандысыз ассоциациясына барып кабар алды.

Кудайберген Базарбаев Агенттиктин жалпы кызматкерлеринин атынан кышка керектүү буюмдарды аталган уюмдун камкорчулукка мутаждарына тапшырды. Бул саамалык Агенттиктин кызматкерлери тарабынан көтөрүлүп, жапырт колдоого алынды.

Бул дата 1992-жылы 3-декабрда БУУнун Башкы Ассамблеясынын 47-сессиясында Мүмкүнчүлүгү чектелгендердин эл аралык күнү катары бекитилген. Ошондон бери карай дүйнө элдери анын ичинде Кыргыз Республикасында дагы белгиленип келет.